Жарыяланган
2024-01-10, 15:00Кыргызстанда коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү жана жер боюнча жасалма документтерди болтурбоо үчүн жаңы кадастрдык башкаруу системасын киргизүү сунушталды. Тиешелүү өзгөртүүлөр жаңы Жер кодексинин мыйзам долбоорунда жазылган.
Бирок документтин өзү көптөгөн суроолорду жаратып, Жер ресурстары жана кадастр боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин жаңы система кандай түзүлө тургандыгы тууралуу түшүндүрмөлөрү да жагдайды тактаган жок. Ошондуктан, интернет айдыңында жер ресурстарына болгон жаңы мамиле – кыргызстандыктарды жеке менчик укугунан ажыратуу аракети катары бааланууда.
2024-жылдын апрель айынан бери Жогорку Кеңеште Жаңы Жер кодексинин мыйзам долбоору каралып, анын жүрүшүндө 5 комитет биринчи окууда караган. Алардын соңунда Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Асылбек Сатывалдиев депутаттарга жашыл жана кызыл китептерди жоюп, кадастрдык планды киргизүү зарылдыгын билдирген. Мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы, башкармалыктын жетекчисинин айтымында, алдамчылык жана документтерди жасалмалоо фактыларына каршы болмокчу.
“Жаңы документте уникалдуу QR код болот, ал жер тилкеси тууралуу бардык маалыматтарды, анын ичинде жердин аянтын, түрүн, категориясын жана мүлктүн түрүн билүүгө мүмкүндүк берет. Кадастрдык планга QR-кодду киргизүү маалыматка жетүүнү жөнөкөйлөтөт жана көп учурда бар китептерде пайда болгон жасалмалоо тобокелдиктерин алдын алат. Мындан тышкары кызыл жана жашыл китептерди чыгаруу чоң чыгымдарды талап кылат, бул кадастрдык планды ишке ашырууда болбойт”, - деп түшүндүрдү Асылбек Сатывалдиев парламентте.
Азырынча Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин сөздөрү документтер менен тастыкталган жок, анткени жаңы Жер кодексинин мыйзам долбоорунун өзүндө QR жөнүндө маалымат жок. Анда төмөнкүлөр жазылат:
“Жер тилкеси менчикке же пайдаланууга берилгенде жер менчигине болгон укукту күбөлөндүргөн документ кадастрдык план болуп саналат. Кадастрдык пландын формасы Министрлер кабинети тарабынан бекитилет.”
Эч кандай так шарттардын жоктугунан улам социалдык тармактарда жана башка интернет булактарында жаңы ыкмага карата суроолор бар экендиги айтыла баштады. Мисалы, кызыл жана жашыл китептери бар тилкелердин бардык ээлери жеке менчиктен ажырайт, анткени кадастрдык план мамлекеттик акт менен бирдей күчкө ээ эмес. “Акчабардын” редакциясы жер тилкесинен баш тартуу ыктымалдыгы жөнүндөгү маалыматты тактоо иретинде “ВИГЕНС” борборунун юристи Владимир Плужникке кайрылды.
“Бүгүнкү күндө мамлекеттик орган тарабынан көтөрүлгөн демилге жеке менчик жерге болгон мамлекеттик актыларды кайра чакыртып алуу же токтотуу боюнча мыйзам долбоору болуп саналбайт. Анткени, Жер кодексине ылайык, бул документти жараксыз деп табууга сот гана укуктуу”, - дейт эксперт.
Өз кезегинде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик дагы айрым эксперттердин айткандарын жокко чыгарды.
“КРнын Жер кодексинин долбоору кадастрдык план катары бирдиктүү документти берүү жолу менен укуктук документтерди алмаштырат, ага ыйгарым укуктуу адам өзүнүн атынан кол коет жана мыйзам чыгаруу органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт”, - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Аталган мекеме документтердин оригиналдуулугун текшерүүнүн натыйжалуу жолун табууга аракет кылууда. QR код технологиясынын өнүгүшү менен мындай мүмкүнчүлүк пайда болду. Мындай интерактивдүү коддун максаты - конкреттүү документтин тактыгын текшерүү. Бул жер ээлери, укук ээлерине жер участогуна берилген документтин чыныгы жана жасалма эмес экендигин текшерүүгө мүмкүндүк берет.
Албетте, бул ыкманын өз жүйөсү бар, бирок киберкылмыштуулук доорунда кагаз варианттар жасалма болуп жатканын эске алганда да, электрондук документтерге ишенүү ого бетер кыйын. Бул боюнча Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жооп берди.
“Маалыматтар базасынын коопсуздугуна коркунуч туудурган айыптоолорго жооп катары, кыймылсыз мүлк базасынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында агенттиктин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун автоматташтырылган тутуму жергиликтүү жана борбордук деңгээлде кайталанып жатканын билдиребиз. Маалымат базасы күн сайын кайталанат жана резервдик көчүрмөлөр түзүлөт. Система ошондой эле маалыматты уруксатсыз жок кылуудан, бөгөттөөдөн, өзгөртүүдөн, көчүрүүдөн же маалыматтык коопсуздук чараларын зыянсыздандыруудан, ошондой эле бул программаларды жана маалыматтарды табуудан тийиштүү коргоо менен камсыздалган”, - деп айтылат Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин билдирүүсүндө.
“Акчабар” жаңы Жер кодексинин долбоорун коштоочу документтерди талдап чыгып, анын толук кандуу иштеши Министрлер кабинетинин кошумча нормативдик актылары, жоболору жана токтомдору кабыл алынгандан кийин гана мүмкүн болот деген тыянак чыгарды.
Андыктан, өзгөчө кодекстин долбоору Жогорку Кеңештин комитеттеринде биринчи окуудан гана өткөнүн эске алганда, системанын корголушу жана натыйжалуулугу жөнүндө сөз кылуу эртелик кылат.
Атүгүл Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү дагы бул система кайдан сатылып алынат, кайсы дата борборлору тандалат жана менчик укугун тастыктаган жаңы документ кандай болот деген суроолорго жооп бере албай кыйналышууда. Алар мыйзам каралып жатканына шилтеме кылууда.
Бул учурда логикалык суроо туулат: эгерде жеке менчикти коргоо түздөн-түз андан көз каранды болсо, жаңы Жер кодексинин ушундай чийки формадагы мыйзам долбоору кантип комитеттерде биринчи окуудан сын-пикирлерсиз өтүп кетет? Анын үстүнө, ар бир жаран өз документин мамлекетке сактоого өткөрүүгө макул болбойт– жер тилкенин чек аралары жеке архивде сактала турган кагазга жазылып, акыры канча чыгымга учурабасын (бирөөсү мыйзам долбооруна түшүндүрмө катта көрсөтүлгөн себептер, — мамлекеттик күбөлүк алуу үчүн жарандардын чыгымдары — Автордун эскертүүсү).
Эгерде маселени ийне-жибине чейин карай турган болсок, кадастрдык план геомейкиндиктик маалыматтардын негизинде тилкелердин чектерин жана ээлерин жаза турган техникалык документ болуп саналат. Мамлекеттик күбөлүк - бул укук белгилөөчү документтердин негизинде менчиктин фактысын тастыктаган мүлккө укуктарды каттоонун формасы. Ооба, мамлекеттик актыда чек аралар боюнча так маалыматтар жок, бирок ага кадастрдык планды же жер тилкенин чек аралары тууралуу маалыматты камтыган QR-кодду тиркөө оңой болбойт беле?