akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Виктор Драчев / ТАСС

    Жарыяланган

    2024-01-10, 07:55

    Орусиянын рыногу кыргыз кийимдеринен баш тартуудабы?

    Made in KG брендиндеги кийим-кечелерди чет өлкөгө жеткирүү кескин төмөндөдү. Бул макалада “Акчабар” талдаган 23 кийимдин 17син экспорттоо төмөндөп кеткен. Бул Кыргызстандын кийимдерин негизги сатып алуучу Орусиянын Кыргызстандан кыйла азыраак сатып ала баштаганын көрсөтөт.  

    2024-жылдын жети айында Кыргызстан чет өлкөгө 22 миллион 613 миң 132 даана аялдардын, эркектердин жана балдардын кийимдерин экспорттогон. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 36,9%га аз, анда 35 млн 855,9 миң даана кийим-кече чет өлкөгө жеткирилген.

    Чет өлкөгө сатылган кийимдердин көлөмүнүн азайышынан Кыргызстан 43 миллион 594,3 миң доллар жоготкон. Ал эми товар сатуудан 64 миллион 979,3 миң доллар киреше тапты.

    2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл эркектер үчүн трикотаж сырткы кийимдер дээрлик 30 эсеге, тагыраагы 552 даанага, аялдар үчүн трикотаж сырткы кийимдер 25,5 эсеге, 4 миң 308 даанага жана эркектердин трикотаж көйнөктөр 18,1 эсеге 6 миң 443 даанага чейин азайган.

    Жеткирүүлөрдүн азайышы алардын Орусиянын базарында азайгандыгына байланыштуу. Жети айдын ичинде бул өлкөгө 2023-жылдын ушул мезгилине караганда 42,59% аз, 2023-жылдын январынан июлуна чейин 16,2 миллиондун ордуна 9,3 миллион даанага азыраак кийим жөнөтүлгөн. Мында жалпысынан кыргызстандык тигүүчүлөр 19,7 миллион долларга аз каражат табышкан. Эгерде 2023-жылы Орусияга кийим-кече (22 түр) 42,7 миллион долларга бааланган болсо, быйыл ал 23 миллион долларды түзөт. 

    Мисалы, Орусия Кыргызстандан эркектердин сырткы трикотаж кийимдеринин жана текстиль аялдардын ич кийимдеринин бир түрүн сатып алууну токтотту. 2023-жылы алардын Орусияга экспортунан дээрлик 183,8 миң доллар киреше түшкөн. 

    Мындан тышкары, Орусияга 15 товардын көлөмү азайган. Алсак, эң көп эркектердин трикотаж буюмдарынын экспорту азайган, ал 24,32 эсеге, 33,6 миң даанага (-1,6 млн доллар), аялдардын тыш кийимдери – 19,36 эсеге, 21,4 миң даанага (-2,7 млн доллар) жана эркектердин трикотаж көйнөктөрү – 18,1 миң эсеге, 6,4 миң даанага (-248,6 миң доллар) кыскарган. 

    Ошол эле учурда, Орусия Кыргызстанда эркектердин текстиль көйнөктөрүн сатып алууну 4,5 эсеге, 86 миң даанага (+238,6 миң доллар), корсет буюмдарды 2,2 эсеге, 59,3 миң даанага (+35,7 миң доллар) жана атайын кийимдердин (спец) буюмдарын сатып алууну 3,4 эсеге, дээрлик 10 миң даанага чейин (-14,6 миң доллар) көбөйткөн. Ошол эле учурда, жеткирилген товарлардын көлөмү кыскарган. 

    Кыргызстанда өндүрүлгөн кийимдердин экинчи негизги сатып алуучусу Казакстан. Ал Кыргызстандан алынган кийимдердин көлөмүн сегиз түргө кыскартып, дагы алтоосун сатып алууну таптакыр токтотту. Бирок кийим-кече менен камсыз кылуунун жалпы көлөмү көбөйгөн. Бул кийимдердин үч түрү - аялдардын ич кийимдери 52,9 миң даанага 53,6 миңге чейин, фуфайкалар жана трикотаж майкалар - 294 миң даанага 515 миң 945 жана текстилдик аялдардын блузкалары - 395 миң дааага 428 миң 623кө көбөйүшүнө байланыштуу болду.  

    Казакстанга  жөнөтүлгөн кийим-кеченин көлөмү көбөйгөнүнө карабастан, анын көлөмү 17,1%га азайган же кыргызстандык тигүүчүлөр 1 млн 866,9 миң долларга жетпеген акча алышкан.

    Кыргызстан Орусия менен Казакстандан сырткары дагы 14 мамлекетке кийим жөнөткөн. Алардын арасында Өзбекстан, Германия, АКШ, Украина, ал тургай Кипр жана башка мамлекеттер бар. КМШдан тышкаркы өлкөлөрдө аялдардын  эң популярдуу кийимдери трикотаж жана текстилдик аялдардын көйнөктөрү. 

    Мунун баары кыргызстандык тигүүчүлөр ТНВД-кодуна ылайык, жекече эсептеген кийимдер. Бирок тонналап экспорттолгон кийим-кечелер да бар. Мындай жети категория бар, анын ичинде эркектердин жана аялдардын текстиль ич кийимдери, балдардын кийимдери жана башкалар бар.

    Кийим-кечелерди тонналап жиберүү 17,11%га көбөйүп, 4 миң 279,7 тоннаны түздү. Бирок жыйынтыгында бул каражаттар биздин тигүүчүлөргө 2,3 миллион доллардан ашык – 5 миллион 4,5 миң долларга аз каражат алып келди. 

    Төмөндөө Орусия менен Казакстанга экспорттун наркынын төмөндөшү менен түшүндүрүлөт. Алсак, Орусияга жеткирүүнүн көлөмү тонна менен 430,6 тоннага көбөйсө, нарк боюнча алар 1 миллион 326 миң долларга аз алып келген. Казакстанда да ушундай эле абал. Ал жакка 322,4 тоннага көп кийим-кече жеткиргенбиз, бирок бул бизге 1 миллион 441,3 миң долларга аз каражат алып келди. 


    Тектеш материалды окуу

    • Өлкөдө күйүүчү майды маркалоо системасын киргизүү сунушталды
      Бишкектин айрым май куюучу жайларында АИ-95 майы жетишпейт. Май куюучу жайлардан маалымдалгандай, буга май куюучу жайларга аз өлчөмдө берилип, аз күндө сатылып кеткени себеп болууда. Мурдагы аптанын башында келген АИ-95 бейшемби күнү кечинде түгөнүп, алиге чейин келе элек.
      2024-08-10 10:03:34
    • Орусиянын рыногу кыргыз кийимдеринен баш тартуудабы?
      Made in KG брендиндеги кийим-кечелерди чет өлкөгө жеткирүү кескин төмөндөдү. Бул макалада “Акчабар” талдаган 23 кийимдин 17син экспорттоо төмөндөп кеткен. Бул Кыргызстандын кийимдерин негизги сатып алуучу Орусиянын Кыргызстандан кыйла азыраак сатып ала баштаганын көрсөтөт.
      2024-01-10 01:55:43