akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Госбанкразвития

    Жарыяланган

    2024-09-09, 17:18

    Мамлекеттик өнүктүрүү банкы MEGA’ны бөлүп төлөө менен сатып алды

    Эсеп палатасынын кеңеши 2023-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча аудиттин жыйынтыгын бекитти. Анда Мамлекеттик өнүктүрүү банкы “Альфа Телекомду” бөлүп төлөө менен сатып алганы жазылган.

    “Альфа Телекомду” сатууну бийлик 2016-жылдан бери талкуулап келет. Натыйжада 2023-жылдын 11-октябрында MEGA компаниясынын 100% мамлекеттик үлүшү Мамлекеттик өнүктүрүү банкына 14 млрд 800 млн сомго сатылган.

    Бирок, Эсеп палатасынын отчетуна ылайык, 2023-жылы Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жогоруда аталган акциялар пакетин сатып алуу үчүн бөлүп төлөө планы берилгендиктен бюджетке 9,8 млрд сом түшкөн эмес. Мындан тышкары, бийлик 1 млрд сом өлчөмүндөгү 7% комиссиялык төлөмдү жокко чыгарган.

    Алсак, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 2023-жылы “Альфа Телекомду” сатып алуу үчүн бюджетке 4 млрд сом гана төлөгөн. 

    Ошондой эле, аудиттин жыйынтыгында Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинде “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамынын, “Банктар жана банк иши жөнүндө”, “Банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы”  мыйзамдарынын ортосунда банк ишин жүзөгө ашыруу боюнча карама-каршылыктар аныкталган. 


    Тектеш материалды окуу