akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-11-09, 13:31

    «Керемет банктын» акционерлери боюнча учурдагы абал

    Август айынын башында “Керемет” банк Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөн. Жаңыланган маалымат боюнча, эми анын чет элдик үлүшү бар. 

    2-августта "Керемет" банк Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өттү. Маалыматка ылайык, ал чет элдик капиталга ээ болгон. Буга чейин финансы-кредит уюму Улуттук банктын маалыматы боюнча, толугу менен ички капитал менен иштеген. Ал 8 млрд 698,7 млн сомду түздү. 

    Ошентип, экинчи кварталдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы 21 коммерциялык банктын 11и чет элдик үлүшкө ээ. Өзгөртүүлөр финансы-кредиттик уюмдун уюштуруу курамына да таасирин тийгизди. 

    “Керемет Банктын” 2024-жылдын 30-июнуна карата Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланган Листинг проспектине ылайык, анын акциялары төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: жеке адамдарга 0,89%, юридикалык жактарга 0,9% жана эки мамлекеттик катышуучуга 98,2%ды түзөт.

    Өзгөртүүлөрдөн кийин Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, банктын уюштуруучулары эки жеке жана эки юридикалык жак болуп саналат. Кайсы үлүш кимге таандык экендиги, ошондой эле капиталдын келип чыгышы тууралуу маалымат жок.

    Бирок, “Керемет банк” бул маалыматты расмий түрдө төгүнгө чыгарды. Банктын басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка дал келбейт деп ишендирди.

    “Банк сатылбайт жана кадимки режимде ишин улантууда. Ал эми 31-майда банк филиалдардын биринин дареги өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайра каттоо процедурасынан өттү. Балким дал ушул процесстер баш аламандыктарды жаратып, банкты сатуу боюнча ушактарды пайда кылгандыр”, - деп билдирди “Керемет Банк”.

    Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын 29-мартында Финансы министрлиги өлкөнүн Улуттук банкынан 84 млн 770 миң 588 жөнөкөй акцияны же “Керемет Банк” ААКсынын 97,45% акциясын сатып алган. Акчалай алганда Финансы министрлигине берилген акциялар 8 млрд 477 млн сомго бааланган.

    Ошол эле учурда, депутаттар жактырган, андан кийин президент Садыр Жапаров тарабынан күбөлөндүрүлгөн мыйзам долбоорунда Министрлер кабинети тарабынан “Керемет Банк” ААКсынын 97,45% акциясын Улуттук банктан сатып алуу боюнча 7,1 млрд сом бүтүм суммасы камтылган. Бүтүмдү биржадан тышкары Улуттук банктын эсебине акча каражаттарын түз которуу жолу менен өткөрүү чечими кабыл алынды. 


    Тектеш материалды окуу