akchabar logo with typographysearch

    Чек аранын ачылышы: Биринчи жүргүнчүлөр Тажикстандын Хужант шаарында болду

    Кыргызстандын Asman Аirlines мамлекеттик авиакомпаниясы Бишкек — Худжанд — Бишкек багыты боюнча биринчи техникалык каттамын аткарды. 8-апрелден тарта каттам үзгүлтүксүз жүргүзүлө баштайт.

    «Акчабардын» кабарчысы кыргыз делегациясынын катарында биринчилерден болуп Asman Аirlines менен Хужантка учуп барып келди. Бишкектин четиндеги “Манас” эл аралык аэропортунан учуп чыккан учак 1 сааттай убакыттан кийин “Хужант” аэропортуна конду. 

    Тажикстанда салт боюнча учакты суу чачып тосуп алышты. Учак менен келген конокторду музыканттар жана улуттук кийим кийген кыздар, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана аэропорттун жетекчилиги тосуп чыкты. 
    Asman Аirlines компаниясынын башкы директору Жолдошбек Айдаралиев Хужант тарыхы бай шаар, Тажикстандагы калкынын саны 1 миллиондон ашкан экинчи чоң калаа экенин айтты. Келечекте бул шаар туристтерди тартып турган жерге айланышы мүмкүн.

    Ал учурда Бишкек – Хужант – Бишкек багыты боюнча билет баасы канча болору такталып жатканын, бирок болжол менен бир багытка 90 доллардай болорун белгиледи. 

    Келген конокторго Тажикстандагы кооз жерлер көрсөтүлдү. Биринчи болуп Тажик деңизине бардык. Ал Хужант шаарына жакын жайгашкан. 2016-жылга чейин ал Кайраккум суу сактагычы деп аталып келген. Ал – өлкөдөгү ири суу сактагычтардын бири. 

    Ошондой эле кыргыз делегациясы “Арбоб” маданият үйүндө болуп, анын тарыхы тууралуу маалымат алды. 

    Андан ары меймандар шаардын чок ортосунда Хужант чебине барды. Ал жакта устаканалар жайгашкан экен. Келген кишилер усталардын иши менен тааныша алат. Устаналардын бирине биздин кабарчылар да баш багып көрдү.

    Таш менен иштеген устакананын аты «Лазурит» экен. Аты айтып тургандай бул өнөрканада башка таштардан тышкары иште лазурит минералы да колдонулат.
    Бул жерден чанда кездештире турган өнөр ээлерин - флоренциялык мозаика менен иштеген усталардын эмгектерин көрүүгө болот. Тажикстанда ал тажик мозаикасы болуп калган. Устанын айтымында, бул өнөр мурда жоголуп кетип, 1980-жылы кайра жанданып, тажик колоритине ээ болгон.

    “Азыр Тажикстан бул тармакта лидер болуп калды. Себеби бул өнөр менен усталар төрт өлкөдө: Россия, Украина, Италияда жаа Тажикстанда гана иштейт. Башкалары менен катар биз өзүбүздүн техниканы да ойлоп таптык. Аны таанытып, эл назарына сунуштап келебиз”, - дейт таш менен иштеген уста Фирдавс Тоиров.

    Тоировдун айтымында, алардын эмгектеринин эң кичинекейинин баасы 60 доллар болсо, чоңдорунуку 20 миң долларга чейин жетет. Аларды жеке коллекционерлер сатып алышат.

    Кыргыз делегациясынын катарында келген Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов бара-бара Хужантка келген кыргызстандыктардын жана коңшу мамлекеттердин жарандарынын саны арбын боло баштайт деген оюн билдирди. 

    “Менимче Бишкек менен Хужанттын ортосундагы аба каттамды өнүктүрүш керек. Тажикстандыктар Бишкекке, ал эми биз Хужантка ырахаттануу менен барып турарыбызга ишенем. Тажикстанда көз жоосун алган тоолор, көптөгөн кооз чокулар бар”, - дейт ал.

    Белгилей кетсек, быйыл кыргызстандык альпинисттер Тажикстандагы жана борбордук Памирдеги эң бийик чокуларга чыгууну көздөп жатат.


     


    Тектеш материалды окуу

    • Эски телефонду жаңысына кантип алмаштырса болот?
      Телефонду канча жылда бир алмаштырып турасыз? Улуу Британияда адамдар телефонду орточо 3 жыл 4 ай дегенде бир жаңылап турарын, өмүрүндө телефонду 19 жолу алмаштыра турганын эсептеп чыгышкан. Айрымдар телефонду андан да бат жаңылайт эмеспи. Мисалы мен 25 жашка келип, жөнөкөй уюлдук телефонду эсепке албаганда, 12-смартфонду көтөрүп жүрөм (техника деген нерсе мени анча жактырбайт окшойт – ред.).
      2025-28-03 11:35:26
    • Миллиардер аялдардын катары калыңдады: бүгүнкү күндө каржы дүйнөсүн ким башкарат?
      2023-жылдын аягында дүйнөдө миллиардерлердин саны 3 миң 323кө жеткен, анын 431и аялдар. Аялдар дагы эле азчылыкты түзсө да, бул тенденция финансылык элитанын структурасында узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрдү көрсөтөт.
      2025-13-02 10:47:31
    • Медтуризм: блефаропластика боюнча Бишкекке келген чет элдиктер көп
      Соңку жылдары Кыргызстан эстетикалык медицинанын чыныгы борбору болуп калды. Өзгөчө кыргызстандык пластикалык хирургдар блефаропластика жаатында эл аралык деңгээлде таанылды. Бишкекке эстетикалык хирургия боюнча дүйнөлүк лидер деп эсептелген Орусия, Казакстан, Европа, ал тургай Түштүк Кореядан да бейтаптар келүүдө.
      2025-04-02 06:00:02
    • Кыргызстанда эң көп колдонулган жана белгилүү унаалар канча турат?
      Кыргызстандын унаа рыногу 2024-жылы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Мурда Mercedes, Audi или BMW жогорку суроо-талапка ээ болсо, азыр бул тенденция өзгөрүүдө.
      2025-03-02 06:26:17