Жарыяланган
2025-12-03, 11:44Акчаны банкта сактоо коопсуз гана эмес, кирешелүү да десе болот. Муну көптөгөн кыргызстандыктар да жакшы билишет. Аны депозитке салынган акчалардын көбөйгөнү да тастыктап турат: январь айынын аягына карата депозиттердин жалпы суммасы 661,3 млрд сомго жетип, анын 204,9 млрд сому жарандар салган акча. Депозитке акча салуунун да жөнү бар: ал инфляциядан сактайт жана акчанын кайтып келишине кепилдик бар. Себеби банктагы депозиттерге мамлекет тарабынан кепилдик берилген. Кокус банкта кандайдыр бир маселе жаралса, мамлекет акча салгандарга 1 млн сомго чейинки акчасын кайтарып берет.
Бирок акчаны банкта жөн эле сактап турбай, болушунча көп киреше табуу үчүн депозитти качан ачуу керектигин да билүү керек.
Депозит боюнча үстөк пайыздын өсүшүн талдоо көрсөткөндөй, банктар пайыздарды белгилүү бир убакта көтөрбөйт. Маселен 2024-жылы айрым банктар депозиттин үстөгүн февраль менен октябрда көтөрсө, 2023-жылы апрелде, октябрда жана ноябрда, 2020-2022-жылдары майда көбөйткөн.
Ошол эле учурда депозиттин пайызын көтөрүүдө бир мыйзам ченемдүүлүк бар. Банктар көбүнесе үстөктү март-апрелде көбөйтөт. 2016, 2022 жана 2024-жылдары аталган айларда пайыздар бир топ көбөйтүлгөн. Кирешелүүлүк көп болгон айлар жайдын июнь-августуна туура келген. 2016, 2022 жана 2024-жылдары эң жогорку пайыздар ушул айларда болгон. Пайыз чендер адатта күзүндө сентябрь-октябрда түшө баштап, декабрь-январда кирешелүүлүк бир топ азаят.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, депозит боюнча орточо пайыз чендер 2015-жылы май жана июнда, 2016-жылы февралдан июлга чейин өскөн, 2017-жылы өсүш туруктуу болбой, андан кийин ылдыйлай баштаган.
Акыркы үч жылды карай турган болсок, депозит боюнча чендер марттан сентябрга чейин, июлдан декабрга дейре жана марттан июлга чейин көбөйтүлгөн. 2022-2024-жылдары өсүш июлда болгон.
2017-жылды кошпогондо, 2016-жылдан бери пайыздын чендеринин өсүшү ар жылы июлда болуп турган. 2018 жана 2020-жылы июлдагы көрсөткүчтөр июндагыдан көбүрөөк болгон, бирок жалпы рынокто пайыздар төмөндөгөн.
Ошентсе да эн жогорку чендер июлга туура келбейт. Маселен 2015-жылы белгилүү бир мөөнөткө салынган депозиттин эң жогорку орточо чени июнда болгон – 9,74%. 2016-жылы ал июлга туура келген – 10%. 2024-жылы эң жогорку орточо пайыз чени июлда 10,49%ды, 2023-жылы декабрда 9,72%ды түзгөн.
Эң аз пайыз чендери декабрь менен январга туура келген. Мисалы 2020-жылы декабрда ал 8,14%га , 2021-жылы 8,83%га чейин түшкөн.
Мөөнөтү бар депозиттердин орточо чени депозиттер рыногундагы улуттук жана чет элдик валютадагы орточо кирешеден түзүлүп, жайгаштыруу мөөнөтү боюнча бөлүнөт: 1 айга чейин, 3 айга чейин, 6 айга чейин, 12 айга чейин, 3 жылга чейин жана 3 жылдан ашык.
Улуттук валютада салынган акчалар боюнча банктар эң чоң ченди 1 жылдан 3 жылга чейинки депозиттер үчүн сунуштайт. 2025-жылы январда кирешелүүлүк 13,99%ды түздү, 2024-жылы июнь-июлда 14,36% болгон – 2017-жылдан берки рекоддук көрсөткүч.
Ал эми чет элдик валюта боюнча банктар 3 жылга чейинки жана андан көп убакытка салынган депозиттерге жогорку пайыздарды сунуштайт. Азыр ал 5,45%ды түзөт. Бул 2022-жылдан берки эң чоң көрсөткүч.
Тенденция көрсөткөндөй, киреше көп түшүшү үчүн мөөнөтү бар депозит ачууга ыңгайлуу мезгил жай, айрыкча июнь-июль болуп саналат. Бул мезгилде пайыздык чендер болушунча көп болот. Декабрь менен январда кирешелүүлүк анчейин эмес. Андыктан бул айларда депозит анчалык кирешелүү эмес.
Ошол эле учурда бул тенденция депозитти ачуу үчүн оңтойлуу учурду көрсөтүп берет, аябай чоң киреше алып келерине кепилдик бербейт. Депозит боюнча пайыз ченге бир катар фактор, анын ичинде Улуттук банктын эсептик ченди өзгөртүүсү таасир этет. Ошондой эле дүйнөдөгү экономикалык окуялар да өз таасирин тийгизбейт койбойт: маселен валюталар курсунун өйдө-ылдый болушу, дүйнөлүк рыноктордогу кризистер же ири мамлекеттердин монетардык саясатын өзгөртүүсү. Аны менен катар ички факторлор – өкмөттүн экономикалык саясаты, банк системасындагы ликвиддүүлүктүн деңгээли жана насыяларга болгон суроо-талап депозиттердин кирешелүүлүгүнүн өзгөрүшүнө себеп болушу ыктымал.
Ошондуктан болушунча көп киреше табууну көздөп жатсаңыз, банкка акча салуунун эң ыңгайлуу мезгилин тандоо үчүн бир эле жай айларына басым жасабай, чендердин өсүшүнө, экономикалык жаңылыктарга сереп салуу зарыл.