akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-24-02, 14:18

    Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчылары телефондо сүйлөштү

    Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

    Сүйлөшүүдө тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

    Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда чек араны тактоо боюнча сүйлөшүү соңуна чыкканы 21-февралда расмий жарыяланды. Эми өкмөттүк делегациялар даярдаган жыйынтык документтер ар бир өлкөнүн ичинде талкууланат.


    Тектеш материалды окуу