Жарыяланган
2025-24-02, 18:14Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий сапары менен Казакстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Расмий сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугат.
Мындан тышкары, бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Белгилеп кетсек, бул Адылбек Касымалиевдин министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайылдалгандан бери чет мамлекетке биринчи расмий сапары.