Жарыяланган
2025-29-01, 11:20Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 30-31-январда жумуш сапары менен Казакстандын Алматы шаарына барат.
Анын алкагында Касымалиев Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Ошондой эле жыл сайын өтүүчү Digital Almaty 2025 санариптик форумунда сөз сүйлөйт.
Мындан тышкары, эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.