akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-19-04, 13:08

    Касымалиев Вашингтондо эл аралык каржы уюмдардын өкүлдөрү менен жолугат

    Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтонго (АКШ) иш сапары менен барып, Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

    Касымалиев Вашингтондо Дүйнөлүк банктын жетекчилиги, анын ичинде операциялык ишмердүүлүк боюнча башкаруучу директор Анна Бьерде, Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президент Антонелла Бассани менен жолугушуу өткөрөт. Жолугушууда Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы долбоорлору, артыкчылыктуу тармактарда кызматташууну кеңейтүү маселелеи талкууланат. Аны менен катар стратегиялык маанилүү делген Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт. Жолугушуулардын жыйынтыгы менен бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюу пландалууда.

    Андан тышкары, Адылбек Касымалиев кыргыз-америкалык ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү – АКШнын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт. 

    Ошондой эле алдыңкы америкалык корпорациялардын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 

    Аны менен бирге Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) жана Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүктүн өкүлдөрү менен жолугушат. 

    "Бул жолугушуулар билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө жана билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн каржылоону тартууга, ошондой эле келечектүү инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого Ислам өнүктүрүү банкынын катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоого багытталган", – деп айтылат маалыматта. 


    Тектеш материалды окуу