Жарыяланган
2025-25-02, 16:45Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучулардын кезек күтүүсүн жоюу үчүн электрондук система киргизүү, өткөрүлүп жаткан жүктү текшерүүнү жеңилдетүү маселелери талкууланды.
Кыргыз өкмөтү билдиргендей, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Астанадагы расмий сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту.
Маалыматка ылайык, Кичи-Капка – Бесагаш жана Камышановка – Ак-Суу өткөрүү пункттарын ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу да сүйлөшүү жүргүзүлдү.