akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-26-10, 16:58

    Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну колдойт

    Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия аймактар боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун талкуулады.

    Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушуу Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жолугушуусунун алкагында өттү.

    Адылбек Касымалиев долбоор Борбор Азия үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.

    “Камбар-Ата ГЭС-1 таза энергиянын булагы гана болбостон, бүткүл Борбор Азиядагы экономикалык өсүштүн катализатору болуп калат. Биз социалдык жана экологиялык аспектилерге өзгөчө көңүл буруп, бул долбоорду эң чоң жоопкерчилик менен ишке ашырууга бел байладык”, - деди ал.

    Антонелла Бассани Камбар-Ата-1ди куруу долбоорун колдоорун билдирип, аны ишке ашырууга комплекстүү мамиле жасоо зарылчылыгы менен макул экендигин билдирди.

    “Дүйнөлүк банк бардык социалдык жана экологиялык факторлорду эске алуу менен Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун ишке ашырууда Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр”, - деп  сөзүн жыйынтыктады Антонелла Бассани.

    “Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. 


    Тектеш материалды окуу

    • Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну колдойт
      Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия аймактар боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун талкуулады
      2024-26-10 10:58:42