Жарыяланган
2025-25-04, 17:42Айыл Банк Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын бардык тургундарын жана меймандарын тарыхый жана масштабдуу иш-чарага — АЙДОО ФЕСТ 2025 фестивалына чакырат!
Алгачкы ирет жер айдоо боюнча чемпионат өтөт! Мыкты жети команда Кыргызстандын булуң-бурчунан чогулуп, бир талаада чеберчилигин көрсөтүшөт. Күчтүү техникалар, тажрыйбалуу механизаторлор жана тактык үчүн таймаштар — көрүүчүлөрдү унутулгус таасир күтөт!
Баш байге:
• 1-орун — Lovol TE354 трактору + Россияда өтө турчу жер айдоо боюнча чемпионатка катышуу мүмкүнчүлүгү (толук Айыл Банк тарабынан каржыланат)
• 2-орун — Электроцикл (1500 кг) + өнөктөштөр тарабынан берилген техника сатып алууга арзандатуучу сертификаттар
• 3-орун — Электроцикл (700 кг) + өнөктөштөр тарабынан берилген техника сатып алууга арзандатуучу сертификаттар
• 4–7-орундар — Тиричилик техникалары жана акчалай сыйлыктар
Кой кыркуу боюнча конкурс:
• 1-3-орун — Жүн кыркуу үчүн атайын машинка + акчалай сыйлыктар
• 4-7-орундар — Тиричилик техникалары жана акчалай сыйлыктар
Ошондой эле:
• Айыл чарба техникаларынын жарманкеси жана тест-драйвдар
• Элдик кыргыз оюндар
• Балдар аянтчасы жана аниматорлор
• Мыкты ашпозчулардан палоо боюнча мастер-класс
• Сиз сүйгөн эстрада ырчылары катышкан концерттик программа!
Дареги: Сокулук району, Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, б/н
(жаңы автовокзалдын жанында)
Кирүү акысыз!
Байланыш номерлери: +996 550 211 839, +996 556 008 485
Улуттук банктын лицензиясы № 048