akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-29-04, 11:53

    Араванда чакан суу сактагыч куруу пландалууда

    Ош облусунун Араван районунда чакан суу сактагыч куруу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

    Араван-Сай дарыясы агып өткөн "Данги" капчыгайында 17 метр бийиктикте тосмо салынат. Андан кийин суу сактагычтан 11.2 чакырым суу каналы тартылат. 

    Эгер суу сактагыч курулса, Араван районунда июль, август айларындагы суу таңкыстыгы жоюлуп,  6358 гектарда сугат жакшырат, 2000 гектар жер жаңыдан өздөштүрүлөт.

    Суу ресурстары кызматынын директору Нурлан Жумаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин депутаттары менен бирге суу сактагыч курула турган жерге барып, анын долбоору менен таанышкан. 


    Тектеш материалды окуу