akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-29-04, 10:17

    Жалал-Абадда жарандарга 870тен ашык ипотекалык батир тапшырылат

    Жакынкы аралыкта Жалал-Абад облусунда 870тен ашык ипотекалык батир жарандарга тапшырылат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компанияда (МИК) президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин жетекчилиги алдында өткөн жыйында айтылды. 

    Жыйында бир катар маселелер талкууланган. 

    Туманбаев буга чейин турак жай алуу үчүн арыздарды Tunduk тиркемеси аркылуу арыз берүүнү ишке киргизүү тапшырмасы коюлганын эске салып, бул багыттагы иштерди тездетүү керектигин айткан. Учурда жарандар  МИКтин сайты аркылуу берүүдө. 

    "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин директору Урматбек Камбаров бардык техникалык иштер аяктаганын, жакынкы аралыкта Tunduk тиркемеси аркылуу арыз берүүгө мүмкүн болорун билдирген. 

    Каныбек Туманбаев кезекте турган жарандардын көптүгүн белгилеп, алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, арыз берүү тартиби, тизмелердин түзүлүшү жана батир бөлүштүрүү эрежелери боюнча толук маалымат берүүнү тапшырган. 


    Тектеш материалды окуу