Жарыяланган
2024-30-09, 14:41Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Арменияга барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Сапардын алкагында ал Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат, ошондой эле Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары бир катар жолугушуулар пландалууда.
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Армения, Беларусь, Казакстан, Орусиянын премьер-министрлери катышат.
Бул жыйындын күн тартибине 20дан ашык маселе киргизилген.