akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-05-06, 04:50

    АКШ мигранттарга Мексика аркылуу кирүүгө тыюу салды

    АКШнын президенти Жо Байден АКШ-Мексика чек арасынан мыйзамсыз өткөн мигранттарга башпаанек берүүгө катуу тыюу салууну киргизди. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги жазды. 

    Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн мигранттар тез арада депортацияланып же Мексикага кайтарылышы мүмкүн. 

    АКШнын Улуттук коопсуздук департаментинин айтымында, коштоосуз жүргөн балдар, олуттуу медициналык же коопсуздук коркунучуна кабылган адамдар жана адам сатуунун курмандыктары үчүн өзгөчө жагдайлар болот.

    Ак үйдөгү пресс-конференцияда Байден башпаанек алуу "CBP One" деп аталган колдонмо аркылуу жолугушууга барган же чек араны мыйзамсыз кесип өтүүнүн ордуна башка мыйзамдуу жолдорду колдонгон мигранттар үчүн ачык болорун айтты.

    "Бул аракет чек араны көзөмөлгө алууга жана тартипти калыбына келтирүүгө жардам берет. Бул тыюу өлкөгө мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган адамдардын саны биздин система натыйжалуу чече ала турган деңгээлге чейин кыскармайынча күчүндө болот", - деди Жо Байден. 

    Белгилеп кетсек, Байдендин алдыдагы президенттик шайлоодогу атаандашы, мурдагы мамлекет башчысы Дональд Трамп эгер кайра шайланса, адегенде чек араны жаап, мыйзамсыз мигранттарды массалык депортациялоону баштоону убада кылган.