akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Бажы кызматы

    Жарыяланган

    2024-24-05, 04:28

    Бажы кызматы: АКШдан мыйзамсыз алынып келген товарлар аныкталды

    “Түндүк” темир жол бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз алып өтүүнүн алдын алуу, бөгөт коюу жана фактыларын аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө декларацияланбаган товарларды аныкташкан. Бул тууралуу тишелүү мекемеден билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда тиричиликке колдонуу үчүн “С.Л.” ЖЧКсына декларацияланбаган 2 миң 239 кг товар алынып келгени такталган.

    Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 224 миң 245 сомду түздү.

    Чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.