akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-18-07, 09:11

    Кыргызстандан АКШга түз аба каттамын ачуу талкууланды

    Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов, “МАМ” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана “МАМ” ААКтын коммерциялык директору Аман Мамаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

    Жолугушууда Бишкектен Нью-Йоркко же Чикагого түз аба каттамдарды ачуу, ошондой эле жүк ташууларды уюштуруу жана эл аралык жеткирүү кызматын ачуу боюнча өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.

    АКШнын элчиси Лесли Вигери Кыргызстандын жарандык авиациясына ИКАОнун эл аралык аудитинен өткөнү тууралуу оң пикирин билдирди.

    “Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аудитинен өтүү ар бир өлкө, анын ичинде Кыргызстан үчүн да өтө маанилүү. ИКАОнун аудити улуттук авиациялык стандарттардын жана практикалардын эл аралык талаптарга шайкештигин баалайт, бул учуу коопсуздугуна, эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимине жана өлкөнүн авиация тармагындагы жалпы аброюна таасирин тийгизет”, - деди элчи.

    “МАМ” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов АКШ менен Кыргызстандын авиация тармагындагы кызматташтыгы Кыргызстандын авиациялык коопсуздугун, инфраструктурасын жана экономикалык өнүгүүсүн олуттуу жакшыртууга, ошондой эле авиациялык коопсуздукту, мамлекеттердин ортосундагы саясий жана дипломатиялык мамилелерди бекемдөөгө мүмкүндүк бере турган стратегиялык маанилүү демилге экенин баса белгиледи.