akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-01-05, 04:28

    «Манастын» акционерлери ар бир акцияга 46 сомдон дивиденд алышат

    “Манас” эл аралык аэропорту ААК өзүнүн баалуу кагаздары боюнча дивиденддерди төлөй баштаганын билдирди. Төлөө чечими 2024-жылдын 25-апрелинде кабыл алынган. Бул тууралуу КФБнын сайтына жарыяланды. 

    Дивиденддердин баасы бир баалуу кагазга 46,01 сом өлчөмүндө белгиленген.

    Дивиденддерди төлөө 2024-жылдын 1-августунан баштап “РСК Банк” ААК аркылуу накталай түрдө жүргүзүлөт. 2024-жылдын 27-мартына карата акционерлердин тизмесинде катталган акционерлер дивиденддерди алууга укуктуу.