akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-15-01, 12:50

    Ат-Башыда желим калдыктарынан таман таш чыгаруучу завод ишке кирди

    Ат-Башы районунда желим калдыктарынан таман таш чыгаруучу завод ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

    Ишкана Ак-Жар айылында жайгашат. Ал полиэтилен баштыктарын жана пластик бөтөлкөлөрдү кайра иштеп чыгат. Өндүрүү кубаттуулугу айына 4,5 миң даана брусчатканы түзөт.

    Долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен 1,5 миллион сом бөлүнгөн. Андан тышкары, агенттиктердин бири 4 миллион сомго жабдууларды сатып алган.


    Тектеш материалды окуу