Жарыяланган
2024-13-12, 10:20Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өсүмдүк майын чыгаруучу завод ачылды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, ишканада айына үч миң тоннага чейин чийки зат иштетилет. Продукциянын бир бөлүгү экспортко кетет.
Орнотулган заманбап жабдуулар жогорку сапаттагы май өндүрүүгө шарт түзөт. Учурда анда 20 адам иштейт.
Мамлекет заводду жеңилдетилген насыя менен колдоп, өндүрүштү кеңейтүүнү көздөп жатат.