Жарыяланган
2024-04-12, 16:50Баткенде автогазоблок заводунун курулушу 80 пайызга аяктады. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Кадамжай районундагы бул ишкана немис технологиясы менен курулуп жаткан Кыргызстандагы алгачкы газобетон заводу болуп саналат.
Долбоор облус башчысынын алдындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеште каралып, заводду куруу үчүн 5 гектар жер бөлүнгөн. Мындан сырткары кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан каражат берилген.
Ишканага сырье Кадамжай районунун Кан айылынан ташып келинет. Өндүрүш ишке кирсе, жергиликтүү тургундар дүйнөлүк стандартка жооп берген жогорку сапаттагы курулуш материалын пайдалана алат.
Биринчи этапта 150дөй жумуш орду түзүлөт. Экинчи баскычта жалпы 200дөй жумушчу алынат.
Ишкананын сметалык баасы 14,5 млн АКШ долларына жетет. Анда жылына 160 миң куб метр продукция өндүрүлөт деп болжолдонууда.