Жарыяланган
2024-12-12, 15:50Баткенде алты гектардан ашуун жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кара-Булак айылында жайгашкан жалпы аянты 6,3 га болгон З.Абдукаримов атындагы орто мектептин аймагынын бир бөлүгү мурда “Өспүрүм үмүтү” коомдук фонду тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган.
Мамлекетке алынган жердин баасы 189 млн сомду түзөрү белгиленди.