Жарыяланган
2024-30-10, 09:12Баткендин Кара-Жантак айылынын 246 тургунуна кыргыз паспорту берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Буга чейин Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Кара-Жантак айылы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Кыргызстандын карамагына өткөн.
Анын алкагында аталган айыл Кадамжай шаарынын курамына кошулган.