Жарыяланган
2025-26-02, 16:42Баткен шаарында 10 миң адамга ылайыкталган стадиондун курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Стадионго караштуу аймак футбол аренасынан тышкары үч машыгуу оюн талаасын жана төрт кичи футбол аянтчаларын камтыйт.
Бул жерде ошондой эле профессионал футболчуларды жана жаш оюнчуларды кабыл ала турган 100 кишилик жатакана комплекси курулат. 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайы да болот.