Жарыяланган
2025-19-03, 18:15Бакай Банк 2025-жылдын март айынан баштап турукту өнүгүүгө умтулган миңдеген компания жана уюмдардын башын бириктирген эл аралык ири демилге болгон БУУнун Глобалдык келишиминин катышуучусу болду. Банктын аталган келишимге кошулуусу - адам укуктарын коргоону, адилеттүү эмгек нормаларын камсыздоону, экологиялык жоопкерчиликти жана коррупция менен күрөшүүнү камтыган негизги он принципти карманууга милдеттеме алганынан кабар берет. Мунун баары Банктын өзүнүн баалуулуктары менен дал келет.
«Бакай Банк» ААКтын башкармалык төрайымы Үмүт Абакирова төмөнкүлөрдү белгиледи: “БУУнун Глобалдык келишимине кошулуу – корпоративдик башкаруудагы дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларга интеграциялашууга, социалдык саясатка жана туруктуу өнүгүүгө карай кезектеги кадам. ESG-тартиптери жана эл аралык стандарттарды сактоо бизнестин узак мөөнөттүү туруктуулугу жана өнүгүшү үчүн маанилүү фактор экенине ишенебиз”.
БУУнун Глобалдык келишимине кирүү банкка эл аралык кызматташуу, билим жана тажрыйба алмашууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Ошондой эле Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө кошкон салымынын көбөйүшүн шарттайт.
Бакай Банк — рынокто 1998-жылдан бери иштеп келе жаткан Кыргызстандын алдыңкы коммерциялык банктарынын бири. Бакай Банк инновациялык ыкмалары менен белгилүү: ал өлкөдө биринчи болуп ислам каржы принциптерин ишке ашырган, мындан тышкары, санариптик сервистерди активдүү өнүктүрүүдө. 2019-жылы банк рыноктун башка ири катышуучусу менен биригүү процессин аяктап өз позициясын бекемдеген.