akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-23-07, 06:35

    Бакыт Төрөбаев Таластагы Киров суу сактагычына барды

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Талас облусуна болгон иш сапардын алкагында Киров суу сактагычына барды. Бул тууралуу тиешелүү министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

    Министр учурдагы жайкы сугат мезгилине берилип жаткан суунун кирип-чыгып жаткан көлөмү менен таанышып, талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпай өз убагында тейлөө боюнча министрликке караштуу тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. 

    Көчмө жыйындын жүрүшүндө министр Төрөбаев, суу маселеси дүйнө боюнча орчундуу көйгөйлөрдүн бирине айланганын белгилеп, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатынын негизинде, министрликтеги эң орчундуу артыкчылыктуу багыт катары сууга өзгөчө басым жасалып жатканын билдирди. 

    Киров суу сактагычынын негизги максаты - ирригациялык. Суунун сыйымдуулугу 550,0 млн.м3 түзөт. Сууну Кыргызстан менен Казакстан өлкөлөрү пайдаланат. 

    Киров суу сактагычынын жардамы менен 80 миң гектар жерди сугат суусу менен камсыздоо жогорулатылып, кошумча жаңы 40 миң гектар сугат суусу менен камсыз болгон.


    Тектеш материалды окуу