akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-22-07, 08:15

    Суу чарба министрлиги менен GIZ  «Шаарларды өнүктүрүү » долбоорун талкуулашты

    Суу чарба министринин орун басары Алмазбек Сокеев Германиянын GIZ коомунун өкүлдөрү Р.Шумахер жана Патрик Букер менен жолугушуп, “Шаарларды өнүктүрүү” аймактык долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады. Бул тууралуу Суу чарба жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

    Жыйындын жүрүшүндө шаар курууда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды пайдалануу маселелери, ошондой эле бул процесстердин экологиялык аспектилери талкууланды. 

    Суу чарба кызматы долбоорго бассейндик суу чарба башкармалыктарынын жана “Таза Суу” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле техникалык потенциалды жогорулатуу жана суунун сапатын жакшыртуу боюнча лабораторияларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды киргизүүнү сунуштады. 

     


    Тектеш материалды окуу