akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-05-06, 11:55

    Балыкчыда саркынды сууларды тазалоочу жай курулууда

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Балыкчы шаарындагы канализациялык-тазалоочу курулмалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

    Маалыматка ылайык, курулуш-монтаждоо иштерин 2024-жылдын август айында аяктоо пландаштырылууда. Объект кабыл алынгандан кийин саркынды сууларды тазалоо боюнча функционалдык кепилдиктерди камсыз кылуу үчүн ишке киргизүү жумуштары башталат.

    Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча министр Бакыт Төрөбаев жергиликтүү бийликтерге жана тийиштүү жетекчилерге курулуш-монтаждоо иштерин өз убагында бүткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.