Жарыяланган
2024-15-02, 08:12Кыргызстанда чийки заттын 90%ы кайра иштетилбейт. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө кампа логистикасы жок.
“Чийки заттын жалпы көлөмүнүн 10%ы гана сакталат. Бул туура эмес. Кыргызстанда кайра иштетүү өнөр жайы комплекстүү логистикалык кызмат катары иштеши керек. Дыйкандар менен кооперативдер биригиши керек. Продукциялар кайра иштетилип, сакталып, пайдалуу болушу керек”, - деди ал.