akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-08-08, 10:20

    Төрөбаев Оштогу «БиБиКей» канаттуулар чарбасына барды

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы "БиБикей Групп" компаниясынын канаттуулар чарбасы менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

    Министр Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө аймактардын экономикасын өнүктүрүп, айыл жергесиндеги тургундардын киреше булагын көтөрүү үчүн, дал ушундай айыл чарба багытындагы чакан чарбалар, кайра иштетүүчү өнөр жайы болушу заман талабы экенин билдирди. Бул үчүн министрлик тарабынан чакан ишкерликти өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилип, болгон мүмкүнчүлүккө жараша көмөк көрсөтүлүп, колдоо болуп жатканын айтты.  

    "БиБиКей Групп" ЖЧКсы канаттуулар чарбасы кошумча нарк чынжырчаларынын лидери болуп саналат. "БиБиКей Групп" канаттуулар фермасы 2018-жылы эски советтик тоокканалардын негизинде уюштурулган. Заманбап тоок фермасын уюштуруу үчүн иштин ушул мезгилинде 900 миң доллардан ашык инвестиция салынган. Бүгүнкү күндө ишканын балансында тоок фермасы курулган 4,75 гектар жер бар. Канаттуулар фермасы Түркиядан алынган автоматташтырылган заманбап жабдуулар менен жабдылган. Учурда 70 миң тоок, 55 миң жөжө бар. Күн сайын 60 миңден ашык жумуртка чогултулат. 

    Алынган  продукциясы Ош шаарынын дүң базарларында сатылат. Ошондой эле,  ири соода дүкөндөргө, коомдук тамактануу түйүндөрүнө жеткирилет. Учурда ишкананын өздүк каражатынын эсебинен 50 миң тоок тууй турган автоматтык линияны орнотуу үчүн тооккана курулуп жатат.