akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-30-05, 05:54

    Балыкчыда таштандыны кайра иштетүү боюнча экопарк курулат

    Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында тиричилик таштандыларын кайра иштетүүчү экопарк куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. 

    Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев менен “IVP CZ a.s” компаниясынын Казакстан жана Азиядагы башкы өкүлү Сергей Парцикян Балыкчы шаарындагы таштанды тиричилик буюмдарын кайра иштетүү үчүн экопарк түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. 

    Долбоорду ишке ашыруу үчүн 15 гектар жер бөлүнгөн. Бул паркта таштандыларды кайра иштетүү боюнча алдыңкы технологиялар колдонулат, бул аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жана жаңы жумушчу орундарды түзүүгө жардам берет.