Жарыяланган
2024-27-05, 05:06Ысык-Көлдүн түндүк-батыш жээгинен түштүк-чыгышка созула турган Балыкчы-Каракол темир жолу курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Балыкчыга болгон иш сапарында билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчи этапта Тамчы айылында жайгашкан Балыкчы шаарынан Ысык-Көл аэропортуна чейин темир жол линиясын куруу пландалууда.
Мамлекет башчысы долбоордун болжолдуу мөөнөтүн, көлөмдөрүн жана каржылоо булактарын айткан жок.