Жарыяланган
2025-17-04, 09:00Баткендин Кадамжай районунда мунайды кайра иштеткен кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы салынууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Көк-Талаа айылында курулуп жаткан ишкана күнүнө 500 тонна мунайды кайра иштете алат. Ал пайдаланууга берилсе, АИ-92, АИ-95 бензини, дизелдик отун, битум, газ, аны менен катар бир нече техника үчүн майлар өндүрүлөт. Ишканага керектүү чийки зат Кадамжай районунун Бүргөндү аймагынан ташылып келет. Ал ишке берилгенден кийин 200 адам жумуш менен камсыз болот.
Ал эми мунай өндүрүлө турган жерде 250 жумуш оруну түзүлөт.
Ишкананы быйыл 31-августта – Эгемендик күнүндө пайдаланууга берүү пландалууда.
Облус башчысы Айбек Шаменов 16-апрелде курулуп жаткан ишкананы көрүп келген. Ал жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн, ири өнөр жай ишканасы аймактын өнүгүүсүндө чоң мааниге ээ экенин айткан.