akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-22-04, 09:00

    Сүлүктүдө жыл аягына чейин эки көмүр кен ачылат

    Баткендин Сүлүктү шаарында жыл аягына чейин эки көмүр кенин ачуу пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди. 

    Кендердин бирин "У Линь Групп" компаниясы ачып иштетет. Ал жерде жылына 1 млн тонна көмүр өндүрүлөт деп күтүлүүдө. Кенде 300 адам иштейт. 

    Көмүр кенин ишке киргизүү үчүн 40 млн доллар кетет деп каралган. Азыр анын 5 млн доллары жумшалды.

    Экинчи кен "Мурас-1" команиясы тарабынан ачылууда. Ал жакта жылына 800 тонна "кара алтын" казып алынат. Ишкананы ачууга жалпы 11,2 млн сом жумшалат. Учурда анын 9 млн сому сарпталды. 

    Эки кен тең жыл аягына чейин ачылат. 

    Облус башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаев өнөр жай ишканаларынын ачылышы аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда мааниси зор экенин белгилеп, жергиликтүү бийликке кендерди ишке киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү тапшырды. 


    Тектеш материалды окуу