akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-25-04, 17:14

    Баткендеги кооператив кулпунайдын 1 килограммын 420-430 сомдон экспорттоодо

    Баткенде өстүрүлгөн кулпунай Россия, Казакстанга эскпортко чыга баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. 

    Министрликтин маалыматы боюнча, Актурпак айыл аймагында "Кызыл Алтын" айыл чарба кооперативи кулпунай өстүрүүдө. Алар 7 га жер аянтын иштетип, быйыл 4 га жерге кулпунайдын "Клера" сортун тиккен. Алар 1 гектардан 30 тоннага чейин түшүм жыйнап, аны Россия жана Казахстанга экспортко чыгарууда. Кулпунайдын 1 килограмын 420-430 сомдон сатууда. 

    Аталган бирикмеде жалпы 14 киши эмгектенет.


    Тектеш материалды окуу