akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-02-08, 07:27

    Бишкекте 67 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

    Бишкек шаарынын Абдыкадыров көчөсүндөгү 0,632 га  өлчөмүндөгү жер тилкесине жана турак эмес жайга болгон менчик укугу “Э.” физкультуралык-спорттук профсоюз коомуна 2007-жылы мыйзамсыз катталып, мамлекеттик актысы берилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

    Белгиленгендей, Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы текшерилүүдө. 

    Райондук  прокуратура тарабынан Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Бишкек филиалынын директорунун наамына ченемдик укуктук актыны  бузууларды четтетүү жөнүндө  талап келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен  жогоруда белгиленген мамлекеттик акт  жокко чыгарылган. 

    Мындан сырткары, аталган факт боюнча Бишкек шаарынын административдик сотуна келтирилген доо арыз соттун чечими менен толук канааттандырылып, жыйынтыгында келтирилген прокурордук талаптын негизинде баасы 67 млн 483 миң 300  сомду түзгөн кыймылсыз мүлк бирдиги муниципалдык менчикке кайтарылды.