akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-23-07, 10:16

    Караколдо дээрлик 15 млн сомдук жер мамлекеттин менчигине өткөрүлдү

    Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын прокуратурасы жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын текшерди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

    Прокуратура тарабынан Каракол шаарында 2 миң 275 чарчы метр жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган. 

    Шаардык прокуратура тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы менен административдик доо келтирилип, сот органдары тарабынан толугу менен канааттандырылып, 14 млн 850 миң 140 сомго бааланган жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.