akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-09-07, 10:26

    Токмокто 61,5 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

    Токмок шаарында жалпы аянты 27,4 гектарды түзгөн алты жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

    Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Парковая көчөсүндөгү төрт жер тилкеси жана Чокморов көчөсүндөгү эки жер тилкеси шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын объектилеринин реестрине кирбей калгандыгы аныкталган.

    "Токмок шаарынын прокуратурасы тарабынан прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, жыйынтыгында жогоруда көрсөтүлгөн жалпы баасы 61 млн 597 миң 698 сомду түзгөн жер тилкелери шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.