akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-30-04, 10:59

    Бишкекте маданий мурастарды коргоо боюнча кыргыз-кытай лабораториясы ачылды

    Бишкек шаарында маданий мурастарды коргоо боюнча кытай-кыргыз биргелешкен лаборатория ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, туризм жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

    Кытай тарап лабораторияга 25 миллион сомдук атайын жабдууларды белек катары тапшырган. 

    "Бул жабдуулар Кыргызстандагы тарыхый жана маданий мурастарды изилдөө, калыбына келтирүү жана коргоо иштерин жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган.

    Биргелешкен лаборатория Кыргызстан менен Кытайдын тарыхый байланыштарын тереңдетүүгө, маданий мурастарды сактоо боюнча илимий жана практикалык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.


    Тектеш материалды окуу