Жарыяланган
2025-30-04, 16:09Ош облусунун Чоң-Алай районунда мыйзамсыз менчиктештирилген аянты 45 жана 17 сотых болгон эки жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, эки кабат имараты бар 45 сотых жерди 2004-жылы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү (А.А.) Чоң-Алайдын жергиликтүү бийлигинин өкүлдөрүнө кысым көрсөтүп ээлеп алган. 2009-жылы ал жерге ресторан курган.
Мамлекетке кайтарылган экинчи жер Дароот-Коргон айылынын борборунда жайгашкан. Аянты 17 сотых болгон жерди 1999-жылы майда Чоң-Алай районунун акимчилигинин кызмат адамдары мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берип жиберишкен.
"Учурда аталган жер тилкесинин ээси болуп саналган К.Э. аттуу жаран жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди", - деп билдирет УКМК.