Жарыяланган
2025-21-04, 13:02Бишкекте салынып жаткан кымбат турак жай комплексинен батирлер жана коммерциялык жайлар мамлекетке алынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2025-жылы борбор калаанын мэриясы бир курулуш компаниясына шаардын түштүк тарабынан жер берип, келишим боюнча ал жакка салынган турак жай комплексиндеги батирлердин 13%ы муниципалитетке өткөрүлүп берилмек. Бирок коррупциялык жолдор менен келишимдеги аталган шарт соттун чечими менен жокко чыгарылган. Аны менен бирге башка бирөөлөргө сатылып кеткен. Сатып алгандар келишимдеги шарт тууралуу кабары болгон эмес.
Иликтөө иштери учурунда мэрия берген 75 сотых жерге азыр "В" компаниясы тарабынан "Президент" турак жай комплекси курулуп жатканы аныкталган. Анда жалпы 151 батир болот.
"В" курулуш компаниясы өз ыктыяры менен турак жай комплексинен 14% (жер тилкесинин сатып алуу баасын эске алуу менен), тактап айтанда 20 батир жана 2 коммерциялык жайды өткөрүп берген.
Аталган иш боюнча келишимдин шарттарын өзгөртүү тууралуу чечим чыгарган соттордун иш-аракетине юридикалык баа берилери айтылды.