Жарыяланган
2025-15-04, 17:25Таласта баасы 700 миң доллар болгон iPhone 16 жана Samsung S25 телефондорун өлкөгө мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Учурда салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төкпөгөндун айынан мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмүн жана бул фактыга катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
УКМК чек ара аркылуу аткезчилик жол менен товар ташып өтүү фактылары боюнча маалыматы бар жарандарды 0312) 66-04-75 , 62-65-04 номерлерине кабар берүүсүн суранат.