Жарыяланган
2025-10-04, 14:15Баткен мамлекеттик университетинде бюджеттик каражаттар кымырылганы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2020-2024-жылыдары студенттер окуу акысына төлөгөн 14 млн 447.2 миң сом университеттин бюджетине түшпөй, жооптуу адамдар тарабынан кымырылган.
Ошондой эле университеттин жооптуу адамдары тарабынан кызматкерлерге жана студенттерге 2 млн 875.3 миң сом чет өлкөгө иш сапарларына деп негизсиз берилген.
Келтирилген жалпы зыян 17 млн 322.5 миң сомду түзгөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу жана коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Азыркы тапта бул ишке катышы бар жооптуу кызмат адамдарын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу, келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.