akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-21-04, 18:22

    Бишкекте 27 чет элдик уруксат кагаздары жок кийим тиккен цехте иштеп жүргөн

    Бишкек шаарындагы кийим тиккен цехтин ээси тиешелүү уруксат кагаздары жок жүргөн жарандарды иштетип келген. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

    Аталган цехте жалпы 27 чет элдик жаран иштеген. Алар жана цехтин ээси Свердлов райондук милицияга жеткирилип, тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматкерлерге өткөрүлүп берилген. 

    Атайын кызмат текстиль тармагындагы ишкерлерди мыйзамды так сактоого жана уруксат документтери жок чет элдиктерди ишке албоого чакырат. 


    Тектеш материалды окуу