Жарыяланган
2025-04-04, 09:25Нарын мамлекеттик университетинде 300дөн ашуун чет өлкөлүк студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Маалыматка ылайык, 13 кызматкер дисциплинардык жазага тартылган жана окуу жайдын айрым жетекчилерин кызматтан алуу сунушу берилген.
УКМКнын маалыматына караганда, Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жетекчилиги билим берүү тармагындагы мыйзамдарды бузуп 400дөн ашуун чет өлкөлүк студентти башка жогорку окуу жайлардан которуу жолу менен кабыл алышканы аныкталган.