Жарыяланган
2025-05-03, 12:10Нарында мындан ары троллейбустар каттабайт. Мындай чечимди шаардык кеңештин депутаттары кабыл алышты. Буга троллейбус линияларынын начар абалы жана аларды тейлөөнүн кымбаттыгы себеп болгон.
Шаар бийлигинин айтымында, буга чейин Бишкектен жеткирилген троллейбустар эскилиги жетип, аларды оңдоо үчүн тетиктерди Россиядан гана буйрутма берсе болот. Бул өз кезегинде чоң чыгымга учуратат.
Мындан тышкары, Нарын шаарында Ленин көчөсүн төрт тилкеге чейин кеңейтүү пландалууда, бул үчүн троллейбус линияларын кошумча реконструкциялоо талап кылынат. Андыктан, троллейбустарды толугу менен каттамдан чыгарып, ордуна автобустарды коюу чечими кабыл алынды.