akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-13-09, 11:08

    Бишкекте органикалык продукциялардын жарманкеси өтөт

    Бишкекте 20-21-22-сентябрда органикалык продукциялардын жарманкеси өтөт.

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы миинстрлигинен билдиришкендей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн органикалык продукциясынын жана технологиясынын көргөзмө-жарманкеси Опера жана балет театрынын алдында уюштурулат. 

    Анда коопсуз жол менен өстүрүлгөн жашылча-жемиштер, жаңгактар, шире, кыям, дары чөптөр, бал жана башка азыктар коюлат.


    Тектеш материалды окуу