akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-06-08, 06:43

    Мамлекеттик ипотекага 30 миңден ашуун адам кезекте турат

    Мамлекеттик ипотекалык компания кыргызстандыктар арасында суроо-талап жогору болгон “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруу боюнча пландан озуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тилек Жеембаев билдирди.

    Ал белгилегендей, үч жылга жетпеген убакытта турак жайды каржылоо үчүн кезекте тургандар 30 миңден ашык жаранды түздү.

    "Компаниянын электрондук порталында 100 миңден ашуун жаран электрондук арызды каттоо процессинде турат", - деди Тилек Жээмбаев.

    Бул көбөйгөн суроо-талапты канааттандыруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания каржылоону, анын ичинде эл аралык донорлордон кеминде 100 миллиард сомго көбөйтөт.


    Тектеш материалды окуу